Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.07.2015 09:58

Ош облусунда турак үй менен сарай өрттөндү

Turmush -  Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагындагы Какыр-Пилтон участкасында турак үйдөн өрт чыгып, жыгач устундуу шифер жабылган чатыр, 1 тонна жүгөрү бакалы, 1 тонна чөп күйүп кетти. Кырсык электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан, деп билдирди бүгүн, 26-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын Адыр участкасындагы сарай, чөп, курулуш материалдары күйүп кетти. Себептери такталууда.

Өзгөн шаарынын Банковский көчөсүндөгү мүрзөдөн өрт чыгып, 400 чарчы метр куураган чөп күйүп кеткен.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×