Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуӨзгөн району 25.07.2015 16:36

Өзгөндүн Куршаб айылында жыл башынан бери 29 адам кургак учук менен катталды

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан дарыгерлердин тажрыйбалык борборунда өткөн жылга салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны азайды.

Борбордун директорунун орун басары Абибилла Турганбаевдин айтымында, бул аймактан жыл башынан бери 29 адам кургак учук менен катталды.

«Бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 учурга аз. Ал эми сарык оорусуна 40 адам чалдыкты. Өткөн жылы 90 адамды түзгөн. Бруцеллез оорусу боюнча 2 адам катталды. Малдан жугуучу эхинококкоз оорусун 4 адам жугузуп алган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2ге көп.

Бизде ымыркайлардын өлүмү аз катталат жана жыл башынан бери энелердин өлүмү катталган жок. Ар кандай оорулар менен каттоодо турган жарандага арзандатылган дары-дармектер убагында берилип турат», - деди А.Турганбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×