Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.07.2015 18:53

Өзгөн районунда жыл башынан берки өрт кырсыктары 1 млн сомдон ашуун чыгым алып келди

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзгөн районунда 42 өрт кырсыгы катталып, адамдар жабыр тарткан эмес. Бул тууралуу аталган райондун өрткө каршы кызматынын инспектору Алтынбек Караев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы аз катталган.

«42 өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгым 1 млн 81 миң 220 сомду түздү. Ал эми өрт кырсыгынан 15 млн 40 миң сомдук ар кандай материалдык баалуулуктар сакталып калган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2015-жылдын 6 айынын ичинде 8 өрт кырсыгына аз болуп, ал эми материалдык чыгымдар былтыркы жылга салыштырмалуу 567 миң 310 сомго өскөн. Мунун себеби курулуш материалдардын кымбаттап кеткендигинен улам », - деди А.Караев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×