Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.07.2015 14:51

Жыл башынан бери Өзгөндөгү жол кырсыктардан 15 адам каза болду

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жыл башынан бери 58 жол кырсыгы катталып, 15 киши каза тапкан. Мындан тышкары, 96 адам денелеринен жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматынан кабарланды.

Катталган кырсыктардын 8 учуру өспүрүмдөрдүн катышуусунда болуп, 1 бала каза тапкан. Ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган 9 бала ооруканага кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×