Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.07.2015 18:51

Өзгөн шаарында июль айынын ортосуна карата цементтин баасы көтөрүлдү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында 17-июлга карата эң белгилүү болгон М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы көтөрүлгөндүгү байкалды. Экономика министрлигинин түштүк аймактагы башкармалыгы берген маалыматка ылайык, 17-июлда Өзгөн шаарында М-400 үлгүсүндөгү цементтин 50 кг салмактагы 1 кабы 305 сомду түзсө, бир апта мурун аталган үлгүдөгү ушул эле салмактагы цемент 292,5 сомдон сатылган. Ортодогу баанын айырмалык көрсөткүчү 4,3%га жетти.

Эске салсак, июнь айынын аягында, июль айынын башында М-400 үлгүсүндөгү цементтин 50 кг 1 кабы 325 сомдон бааланган.

Жалпылап алганда, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча 17-июлда М-400 үлгүсүндөгү 50 кг 1 кап цемент 364,1 сомдон болсо, андан 1 апта мурунку баасы 363 сом болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×