Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 21.07.2015 16:17

Ош шаарында өсүмдүк майы менен кесме азыктарынын баалары өзгөрүүдө

Turmush -  Ош шаарында июль айынын башынан тартып, 17-июлга чейин кесме азыктары менен күнкарама майына болгон баанын өзгөргөнү байкалууда. Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Ош шаарында 17-июлда кесме азыгынын 1 кг баасы 45 сом болсо, 1 жума мурунку баасы 45,3 сом болгон. Муну менен баанын төмөндөшү 0,7%ды көрсөттү.

Июль айынын башында Ош шаары боюнча 1 кг кесме 44,9 сомдон бааланган.

1 литр күнкарама майы 17-июлда 86,2 сомдон бааланса, 1 жума мурунку баасы 81,4 сом болгон. Баанын көрсөткүчү 5,9%ды түздү. Июль айынын башында 1 литр өсүмдүк майы 87,1 сомдон сатылган.

Түштүк аймак боюнча көрсөтүлгөн убакыт аралыгында кесме азыктарынын баасы 45,9–46,1–45,9 сомду түзүп, баа 05%га өзгөрүлдү. Күнкарама өсүмдүгүнүн 1 литр майы 90,5 сомдон 89,8 сомго төмөндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×