Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 18.07.2015 13:16

Өзгөн районунда июль айынын ортосунда ундун жана макарон азыктарынын баасы өзгөрдү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 17-июлда 2-сорттогу буудай унунун жана макарон азыктарынын баасы өзгөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана көзөмөл сектору билдирди.

Сектордун маалыматына ылайык, 17-июлда 1 кг 2-сорттогу буудай уну 21,8 сом болсо, бир жума мурунку баасы 21 сом болгон. Баанын пайыздык көрсөткүчү 3,7%.
Өзгөн району боюнча, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 1 кг макарон азыгы 47 сомдон 44,5 сомго же 5,3%га арзандады.

Эскерте кетсек, июнь айынын аягында макарон азыгынын 1 кг 44,5 сом болгон. Макарон азыктарынын баасы Ош шаарында да арзандагандыгы байкалды.

17-июлда 1 кг макарон 45 сомдон бааланса, бир жума мурунку баасы 45, 3 сом болгон. Муну менен көрсөткүч 0,7%ды түздү. Жалпысынан алганда өлкөнүн түштүк аймагы боюнча, 17-июлда 1 кг макарон азыгы 45,9 сомдон бааланса, бир жума мурунку баасы 46,1 сом болгон. Баанын көрсөткүчү 0,5%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×