Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 17.07.2015 11:59

Өзгөн районунда жылдагыга салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны азаюуда, - дарыгер

Turmush -  Өзгөн районунда жылдагыга салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны азаюуда. Бул тууралуу аталган райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Жыл башынан бери жаңыдан бул ооруга чалдыккандардын саны 136ны түздү. Анын ичинен балдар — 14, өспүрүмдөр — 6, дем алуу органы менен жабыркагандар — 100.

Мигранттардын арасынан табылганы —  16, сырттан келгени — 13, райондун аймагынан катталганы — 3. Өткөн жылы 146 адам аталган ооруга кабылган болсо, быйылкы жылы 10 адамга аз катталды», - деди З.Дукенбаева.

Маалыматка ылайык, райондо 6 айдын ичинде 2508 бала төрөлүп, анын ичинен 2500 бала кургак учукка каршы эмделди. Кургак учук менен ооруган адамдарга медициналык жардам көргөзүү, кабыл алуу, лабораториялык изилдөөлөр, флюрографиялык кароо, ММК программасынын негизинде акысыз жүргүзүлөт. Ар бир кайрылган бейтап кургак учука күмөндүү болсо дароо текшерүүдөн өтөт», - деди дарыгер.

Өзгөндүн аймагындагы жашоочулар, ошондой эле кургак учук менен ооруган адамдар менен «Кургак учук-4» «Ден соолук» жана кепилдик программасынын алкагында иш алып барып жатабыз, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×