Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.07.2015 10:12

Өзгөндүн аймагында 2 унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду жана жаракат алгандардын ичинде 2 жаштагы бала бар

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айылынын аймагында Ош—Бишкек унаа жолунун 605-чакырымында бара жаткан «Мерседес Бенц Спринтер» менен «Дейво Тико» унаалары сүзүшүп, 3 адам каза болду.

Бүгүн, 15-июлда ӨКМ билдиргендей, «Дейво Тико» үлгүсүндөгү унаада 5 адам бара жаткан (Сузак районунун Достук айылынын тургундары). Анын ичинен 3 адам каза болду.

Каза болгон жарандар:

1. Айдоочусу Хамиталиев Халил, туулган жылы белгисиз

2. Жүргүнчүсү Акбаралиев Фарух, туулган жылы белгисиз

3. Жүргүнчү Акбаралиева Назоокан, туулган жылы белгисиз.

Бул унаадагы 2 жүргүнчү: 1977-жылы туулган Дилмурат Акбаралиев сол колунан жаракат алса, 2013-жылы туулган Эльдяр Акбаралиев денесинен оор жаракат алды. Окуя болгон жерге куткаруучулар барган кезде «Дейво Тико» унаасынын ичинде кыпчылып калган 2 адамдын жансыз денелерин сыртка чыгарылып, жолдо өтүп бара жаткан унаа менен тез жардам кызматынын унаасынын коштоосунда Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди.

«Мерседес Бенц Спринтер» унаасын башкарып бара жаткан А.Тилеков (1982-жылы туулган) менен анын жүргүнчүсү К.Мадумаров (1983-жылы туулган) жаракат алган эмес. Алар Баткендеги Кадамжай районунун тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×