Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 14.07.2015 13:10

Өзгөн аймактык ооруканасына Япониядан келген 90,2 миң долларлык медициналык аппараттар берилди

Turmush -  Быйылкы жылы Өзгөн районунун аймактык ооруканасына Япониядан алынган 90 миң 200 АКШ долларлык аппараттар берилди. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Сатар Жусупов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Япон элчилиги менен биргеликте «Чөптүн тамыры» программасынын негизинде иш алып барууда. Өткөн жылы заманбап техникаларды алып келүү боюнча долбоор жазып утуп алышкан. Ушул жылдын март айында долбоорго кол коюу аземи болуп, аппараттар алынып келинген.

«Биздин оорукана быйыл жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Алар: заманбап үлгүдөгү УЗИ аппараты принтери менен, жасалма дем алдыруучу, кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппарат, оорулууларды көчмө кычкылтек менен камсыз кылуучу4  аппарат. Бул жабдык адамдарды үзгүлтүксүз кычкылтек менен камсыз кылып турат. Ошондой эле ымыркайларды жылытуучу 2 аппарат, 1 жүрөк текшерүүчү 12 каналдуу аппарат ишке берилди», - деди С.Жусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×