Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.06.2015 09:51

К.Кадыралиевдин «оң колу» аталып, өзгөндүк ишкерди карактоого шектелген А.Амановдун камактагы мөөнөтү дагы узартылды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» деп аталган Абдисалам Аманов (Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген. Бул иш Ош шаардык сотунда каралып, А.Амановдун камактагы мөөнөтү 21-июлга чейин узартылды. Буга чейин 21-майда Биринчи май райондук сотунда да камактагы мөөнөтү узатылган эле.

Жактоочу Байыш Жоробеков,  А.Амановдун иши боюнча Ошто каралып жатканын жана негизсиз кармалып жатканын айтат.

А.Аманов Бишкектеги абактардын биринде кармалып келген.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×