Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 19.06.2015 16:35

Өзгөн районундагы мектептерде 20 окуучунун билими «2» деген баага бааланды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептерде 20 окуучунун билими «2» деген баага бааланып, билим сапат мурунку жылга салыштымалуу жогорулады.

Райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Дүйшөн Назырбаев аймактык кабарчыга билдиргендей, билим сапаты жылдагыдан 0,1%га жогорулаган.

«2014-2015-окуу жылында район боюнча 30 миң 300 окуучу билим алды. Алардын ичинен 5200 окуучу «5» деген баага окууса, 10 миң 84 бала «4» деген баага татыды. Ал эми 14 миң 996 окуучу канааттандыраарлык деген баа алышса, 20 окуучу «2» деген баага окуган. Билим сапаты өткөн жылга салыштырмалуу 0,1%га өстү.

Жалпысынан ушул жылы район боюнча 2 миң 70 окуучу 11-классты, 3 миң 234 окуучу 9-классты аяктаган. 11-класстар арасынан 1 окуучу артыкчылык аттестатын алса, 88 окуучу өзгөчөлөнгөн күбөлүккө ээ болушат», - деди Д.Назырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×