Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 13.05.2015 14:36

Өзгөн районунда 15 миңден ашык окуучу кызамыкка каршы эмделди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда кызамыкка каршы кечээ, 12-май күнү 15 миң 200 окуучу эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха  Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, район боюнча 48 миң 365 окуучу эмдөөдөн өтүүсү керек.

«Район боюнча 3346 мугалим эмдөөдөн өтүүсү керек болсо, кечээ 430 мугалим эмдөөдөн өттү. Эмдөө эки жол менен жүрөть: уюшулган жана уюшулбаган. Уюшулгандарга мектептер кирет, анткени дарыгерлер барып эмдөө жүргүзүшөт. Уюшулбаган жол болгондо жарандар ФАПтарга барып эмдөөдөн өтөт», - деди З.Дукенбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×