Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.05.2015 12:45

Өзгөн районуна кызамыкка каршы 100 миң адамга жетүүчү вакцина келди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна кызамыкка каршы эмдөө үчүн 100 миң доза вакцина келди. Бул тууралуу Өзгөн райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Ысмаил  Боркошев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, эртең,12-майдан баштап эмдөө жүргүзүлө баштайт.

«Өзгөн району боюнча 103 миң адамга вакцинага арыз бердик эле, 100 миң адамга жетүүчү вакцина келди. Учурда бардык эмдөө жүргүзүүчү борборлорго таратып берип жатабыз. 12-майдан баштап, 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандарга эмдөө жүргүзүлө баштайт»,-деди И. Боркошев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×