Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуӨзгөн району 29.04.2015 17:09

Өзгөн районунда кызамык менен ооруган адамдардын саны 109га жетти

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда жыл башынан  бери кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 109ду түздү. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун орун басары  Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин райондо кызамык оорусуна чалдыккан жарандарга өз убагында дарылоо жүргүзүп жатабыз. Учурда бул оору боюнча 109 адам даарыланып чыкты. Бизде ооруларды даарылоого жетиштүү дары-дармек бар. Ал эми жалпы жарандарга берилүүчү вакцина 12-майдан тарта алынып келинип, жарандарга эмдөө жүргүзүлө баштайт», - деди З.Дукенбаева.

Кызамык жуктуруп алган жарандар өз чөнтөгүнөн дарыланат. Жалпы жарандарды эмдөөдөгү вакцина акысыз берилет.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×