Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 22.04.2015 09:53

Өзгөндүн мэринин кубогун чет өлкөлүк балбандар да талашат

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 23-25-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөн райондук дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Калдар Эркинов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Өзбекстандан жана Тажикстандан спортчулар чакырылган.

«Бул мелдеш Өзгөн шаарынын мэринин кубогуна арналып өткөрүлүп жатат. Эл аралык эркин күрөшкө Тажикстан жана Өзбекстандан коноктор чакырылган. Эркин күрөш 13 категория боюнча өткөрүлөт. Азыр бул мелдешке 35 команда чакырылган. Бул оюнга жалпысынан 80 миң сом каражат байге фондуна тартылды. Учурда бул мелдешке даярдыктар көрүлүүдө», - деди К.Эркинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×