Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.04.2015 16:23

К.Кадыралиевдин «оң колу» аталып, өзгөндүк ишкерди карактоого шектелген А.Амановдун камактагы мөөнөтү узартылды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» деп аталган Абдисалам Аманов (Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген. Бул иш боюнча кечээ, 20-апрелде каралып, А.Амановдун камактагы мөөнөтү кайра бир айга узартылды.

Жактоочу Байыш Жоробеков, А.Аманов негизсиз кармалып жатканын, аны каракчылык боюнча күнөлөөгө далилдер жок экенин айтат.

«Азыр Канжар Кадыралиевди да сурашыбыз керек. Канжар Кадыралиев менен Сактан Келдибаевдерди беттештиришибиз керек деп эле, Амановдун камактагы мөөнөтүн узартып коюшту. Азыр каракчылык кылды деп күнөөлөп жатышат, бирок, негизсиз камалып жатат. Сизодо жатканына 90 күндөн ашты»,-деди жактоочу.

Байыш Жоробеков, А.Амановдун кыйноого алынышы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун да кошумчалады.

А.Аманов Бишкектеги СИЗОлордун биринде кармалууда.

Ал эми Канжар Кадыралиев ден-соолугуна байланыштуу үй камагында.

 

 

 

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×