Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 20.04.2015 18:00

Өзгөндүк дыйкандарга 10%дык жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Turmush -  

Ош облусундагы Өзгөн районунун дыйкандары жеңилдетилген насыя менен камсыздалууда, деп билдирди акимдин орун басары Алишер Бакышев бүгүн, 20-апрелде.

Учурда райондогу дыйкандарга жеке банктын филиалы аркылуу 3 млн сомдон ашык насыя берилди. Маалыматка ылайык, 10%дык үстөк менен 70 дыйкан насыяга ээ болду.

Буга чейин пландалгандай, райондогу дыйкандарга 62 млн сом өлчөмүндө каражатты насыяга берүү зарыл.

Учурда дыйкандарга жеңилдетилген насыя: 50 миң сомдон 400 миң сомго чейин жана 400 миң сомдон 3 млн сомго чейин берилүүдө. Райондогу дыйкандардын көпчүлүгү насыяны 100 миң сомдон жогору өлчөмдө алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×