Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2015 10:58

Өзгөндө белгисиз аял тарабынан ташталган 1 айлык ымыркайдын ата-энеси табыла элек

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарынын борбордук базарында 23-март күнү 36 жаштагы аялга белгисиз 35-40 жаштар чамасындагы аял 10 күндүк ымыркайды бир азга кармап туруңуз деп суранып, изин жашырат. Ымыркайдын ата-энесин издеген аял жакында милицияга кайрылды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда ымыркайдын төрөлгөнүнө бир айдан өттү. Милиция тарабынан ата-энесин издөө иштери уланууда. Ата-энеси табылбаса ымыркай балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×