Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2015 09:13

Кара-Суунун Лаглан айылында жамгырдын кесепетинен ылай, шагыл түшүп, ички чарбалык жолду тосуп калды

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лаглан айылында кечээ, 15-апрелде саат 16:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен ылай, шагыл түшүп, ички чарбалык жолдун 2 чакырым аралыгында 3-4 жерден тосуп калган. Учурда жол убактылуу жабык, деп билдирди ӨКМ.

Мурдараак маалымдалгандай, Өзгөн районундагы Кыймыл айылында 14-апрелде Жазы дарыясынын оң жээгине 2002-жылы курулган дамбанын төмөн жагын суу алып кетүү коркунучу пайда болуп, 14 турак жай кооптуу абалда турат. Дамбаны бекемдөө иштерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин буйругу керектүү техникалар жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×