Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.04.2015 16:41

Өзгөндүн Кыймыл айылындагы турак жайларга Жазы дарыясынын суусу коркунуч жаратууда (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы турак жайларга Жазы дарыясы коркунуч келтирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Кулмаматовдун берген маалыматы боюнча, кечээ, 14-апрелде Кыймыл айылындагы Жазы дарыясынын оң жээгине 2002-жылы курулган дамбанын төмөн жагын суу алып кетүү коркунучу пайда болгон.

«Эгерде дамбаны суу алып кетсе, 14 үй-бүлөнүн турак жайына коркунуч алып келет. Азырынча Жазы дарыясын жергиликтүү калк көзөмөлдөп турат», - деди Н.Кулмаматов.

Дарыянын жээгин бекемдөө жана кырсыктын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тез чара көрүү ыкмалары менен иш-чараларын баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×