Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 13.04.2015 15:21

Өзгөн шаарынын мэринин кубогуна арналган кикбокс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош облусундагы Өзгөн шаарынын мэринин кубогуна арналып, 10-апрелден 12-апрелге чейин кикбокс боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана Казакстандан келген 130 спортчу катышып,кечээ, 12-апрелде жеңүүчү аныкталды, деп малымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, бишкектик Ардакбек Сымыров менен өзгөндүк Исломиддин Шараповдун ортосунда профессионалдык беттеш өтүп, «Як-Лотос» клубунда машыккан өзгөндүк спортчу жеңишке жетти.

Кубоктун жеңүүчүсү болуп көпчүлүк мүчөлөрү чемпиондук орундарды ээлеген шаардын «Азирети Али» командасы табылды.

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов жалпы катышуучулар менен машыктыруучуларга спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы жана жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×