Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.04.2015 13:45

Өзгөн районунда 42 мугалимдин ичинен «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда «Жыл мугалими» кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мамасадык Мусаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Жыл мугалими» кароо-сынагына жалпысынан 42 мугалим катышып, анын ичинен 9 мугалим чечүүчү турга өткөн. Чечүүчү тур 7-8-апрель күндөрү болуп өттү.

Баш байгени Токтогул атындагы орто мектептин мугалими, 1-орунду Б.Келдибаев орто мектебинин мугалими, 2-орунду Ленин орто мектебинин мугалими, ал эми 3-орунду Ы.Бектемиров мектебинин мугалими ээледи.

Баш байгенин ээси облустук деңгээлдеги сынакка райондун атын алып чыгууга жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×