Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 06.04.2015 18:39

Өзгөндүн Куршаб айыл өкмөтүндө өтүүчү кикбокс боюнча мелдешке даярдыктар көрүлүүдө

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө кикбокс боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси Калдар Эркинов аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мелдеш 45 килограммдан 75 килограммга чейинки салмактагылар ортосунда болот.

«Азыркы учурда мелдешке даярдыктар көрүлүп жатат. Бул мелдеш 12 жаштан 18 жашка чейинки жаш уландар ортосунда, 10 салмактык даражада өткөрүлөт. Мелдешти Куршаб айыл өкмөтүндөгү негизги аянтка уюштуруп жатабыз», - деди К.Эркинов.

Мелдеш 11-майдан 14-майга чейин өтөт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×