Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.04.2015 15:56

Өзгөн районунда акыркы үч айда 2 адам өрт кырсыгынан каза болду

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн району боюнча акыркы 3 ай ичинде 27 өрт кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. 3 адам кырсыктан куткарылган. Бул тууралуу Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Нургазы Токобаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 3 айдын ичинде болгон 27 өрт кырсыгынан 735 миң 320 сом чыгым болгон. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1 млн 670 миң сомдук мүлк сакталып калды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×