Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.03.2015 09:38

Өлкө аймагында жер титирөө катталды

Turmush -  Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 28-март күнү саат 10:28 чамасында республиканын аймагында эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Ак-Жар айылынан 5 км түштүк-чыгышты, Өзгөн шаарынан 15 км түштүктө карай жайгашкан, деп билдирди бүгүн, 30-мартта ӨКМ.

Жер титирөө Ак-Жар, Большевик, Мырза-Аке айылдарында 3 балл, Өзгөн шаары, Шамал-Терек, Ак-Кыя айылдарында 2,5 баллга сезилди. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×