Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 26.03.2015 10:48

Өзгөн районунда волейбол боюнча облустук турга катышуучу окуучулардан түзүлгөн кыздардын жана балдардын командалары аныкталат

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин окуучуларынын ортосундагы волейбол боюнча мелдештин жыйынтыктоочу туру 26-27-март күндөрү өтөт.

Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Калдар Эркинов аймактык кабарчыга билдиргендей, бүгүн, 26-мартта кыздар ортосунда жыйынтыктоочу тур, эртең 27-мартта балдардан түзүлгөн командалар арасында жыйынтыктоочу тур өтөт.

Жеңишке жетишкен командалар окуучулардын ортосундагы өтүүчү облустук деңгээлдеги мелдешке катышууга жолдомо алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×