Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуӨзгөн району 18.03.2015 17:08

Өзгөн районундагы ар бир айыл өкмөттө спорттук мелдештер өткөрүлөт

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун ар бир айыл өкмөттөрүндө Нооруз майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөн районунун дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Калдар Эркинов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдештер эртең, 19-марттан 21-мартка чейин өткөрүлөт.  Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган мелдештерде байгелүү орундарга илешкен спортчуларга дипломдор жана белектер ыйгарылат.

Нооруз майрамы Өзгөн районунун борборунда гана эмес, ар бир айыл өкмөттө белгиленмей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×