Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.03.2015 16:53

Ош ОИИБ: Казакстандын жаранын өлтүрүп, качып келген Өзгөн районунун жашоочусу колго түшүрүлдү

Turmush -  Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан 2014-жылдын 7-декабрында Алматы облусунун аймагында жүргөн Кыргызстандын жараны Казакстандын 26 жаштагы жараны Шыңгыз Аубакировду өлтүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматта Енбекшиказак районундагы Бабаоган айылынын аймагынан Казакстандын жаранын балта менен башка бир нече жолу урган кыргызстандык жаран анын денесин «Москвич –М412» унаасына салып, белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүргөнү айтылган, деп билдирди бүгүн, 12-мартта Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Бул факт боюнча Казакстан тарабынан тиешелүү беренеге ылайык кылмыш иши козголуп, чара кабыл алуу суранычы менен Кыргызстандын укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул окуяга шектүү жарандын өздүгү такталып, Өзгөн районундагы Жылалды айылында 1980-жылы туулган С.Ж. кармалды.

Кармалган жарандын айтымында, ал Казакстандын жаранынын денесин аталган унаага калтырып, чек ара аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен. Унааны Казакстандын кайсыл жерине таштаганын билбей тургандыгын айтууда.

Алдын ала белгилүү болгондой, шектүү жаран өлтүрүлгөн адамдын үйүндө 2 жылдан бери иштеп келген. Бул аралыкта казакстандын жараны аны басынтып, жемелеп келгендигин айткан.

Бул факты боюнча иликтөө иштери эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×