Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 04.03.2015 16:55

Өзгөндө иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү жана ишкерлерди окутуу борбору ачылды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда бүгүн, 4-мартта иш кагаздарды кыргыз тилде жүргүзүү жана ишкерлерди окутуу борборунун ачылышы болот. Бул тууралуу Өзгөн райондук администрациясынын сектор башчысы Акылбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерге иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү жана жеке ишкерлерге үйрөтүү иштери жүргүзүлөт.

«Өзгөн районунда көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан, кыргыз тилинде иш кагаздарын колдонууну билишпейт. Мына ошондуктан райондук администрациясы жана «Ата-жана биз» коомдук фондунун колдоосу менен улуттар биримдигин чыңдоо максатында иш кагаздарын колдонууну үйрөтүүчү мекеме ачтык. Ачууга кеткен жалпы каражат 564 миң сомду түздү»,- дейт Акылбек  Абдрахманов.

дурус ти

дурус тил

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×