Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.03.2015 11:08

Өзгөндө күйүүчү майга болгон баа кымбаттады

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында февраль айынын ортосунда жана аягында А-80, А-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель отунуна болгон баа өзгөрүлдү, деп билдирет Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Алардын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн убакыт ичинде А-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын бир литри 32,5 сомдон 33 сомго же 1,5%га кымбаттаган.

А-92 үлгүсүндөгү май февралдын аягында 39 сомдон 38,4 сомго чейин төмөндөгөн.

Дизелдик майдын 1 литри 27-февралда 35 сом болсо, бир жума мурун 34,5 сомдон бааланып жаткан. Бирок февралдын ортосунда дизелдик отун Өзгөн шаарында 36 сомго бааланып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×