Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 28.02.2015 12:34

Өзгөн районунун жаштары Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгат

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 5-марта Ак калпак күнүнө карата жаштар жөө жүрүшкү чыгышат. Бул тууралуу Өзгөн райондук жаштар комитетинин төрагасы Улан Жумабаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, иш-чара райондо жашаган ар улуттун өкүлдөрүнүн Мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, калпакты даңазалоо максатында өткөрүлөт. Жөө жүрүштөн кийин Өзгөн райондук администрациясынын алдында майрамдык салтанат болуп, концерт тартууланат.

Аталган райондо 15тен ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×