Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 23.02.2015 10:44

Өзгөн районунда волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата айыл өкмөттөр арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Бул тууралуу Өзгөн райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жунусмамат Сатыгулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондук адмнистрация тарабынан спорттук мелдешке 31 миң сом байге коюлуп, эркектер командасынан 14, кыздардан 8 команда катышты.  

Жыйынтыгында эркектер командасынан 1-орунга Зергер айыл өкмөтү, 2-орунга Көлдүк айыл өкмөтү, 3-орунга Мырза-Аке айыл өкмөтү, 4-орунга Ак-Жар айыл өкмөтүнөн келген команда ээ болду.

Кыз-келиндер ортосундагы мелдеште 1-орунга Жазы айыл өкмөтү, 2-орунга Зергер айыл өкмөтү, 3-орунга Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн келген команда ээ болду.

Байгелүү орундарга ээ болгон командаларга түстүү сыналгылар жана кубок ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×