Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.02.2015 09:34

Өзгөндө унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, имараты жана «Дэо-Тико» унаасы толугу менен күйүп, 3 унаанын документтери өрттөндү

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Өзгөн шаарында Манас көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, чатыры, автоунааларды сырдоо бөлмөсү, жасалгасы, аппараттары жана 30 чарчы метр аянты толугу менен күйүп кетти.

Мындан тышкары, анын ичиндеги «Дэо-Тико» (мамлекеттик номуру Д 72-81 В) унаасы толугу менен күйүп кетти, деп билдирди бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, аталган кырсыктын кесепетинен имараттын ичинде токтоп турган үч автоунаанын документтери өрттөндү.

Өрт кырсыгы отко этиятсыз мамиле кылуудан улам чыккан. Тактап айтканда, электр меши өчүрүлбөй калган, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×