Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 05.02.2015 13:57

Өзгөн районунда 2014-жылы бруцеллез оорусу менен ооруган 32 адам катталды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 2014-жылы бруцеллез оорусу менен ооруган 32 адам катталды. Бул тууралуу Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Данияр Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, бруцеллез ылаңына каршы 35 миң баш малдан кан алынып, текшерүүнүн жыйынтыгында 81 баш мал бруцеллез оорусуна кабылгандыгы аныкталды.

Райондо бруцеллез ылаңына каршы 2 миң 888 баш жандык эмделип, анын ичинен бруцеллез оорусуна кабылган 81 мал аныкталды. Аныкталган мал-жандыктар союлуп жок кылынды.

Ошондой эле, бруцеллез оорусунун алдын алуу максатында 2 миң 888 баш жандык эмделди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×