Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 05.02.2015 13:49

Өзгөн районунда кургак учук боюнча 254 бейтап каттоодо турат

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда кургак учук илдетине кабылган 254 адам каттоого алынды. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха Дукенбаева билдирди.

Анын айтымында, кургак учук оорусун алдын алуу максатында 4 миң 697 бала эмделип, 15 миң 589 адам флюорографиялык текшерүүдөн өтүшкөн. Каттоодогу 254 бейтапка ар тараптуу жардамдар берилип, жергиликтүү бийлик тарабынан да көмөк көрсөтүлүп жатат, деп кошумчлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×