Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуӨзгөн району 03.02.2015 16:00

Өзгөн районунда «Алыш» күрөшү боюнча мелдеш өтүүдө

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда күрөштүн «Алыш» түрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөн райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси Калдар Эркинов билдирди.

Анын айтымында, «Алыш»  күрөшү олимпиадалык оюндардын катарына киргендигине байланыштуу жана аны өнүктүрүү максатында 17-январда башталган мелдеш 21- мартка чейин уланат.

«Максатыбыз спорттун бул түрүн элге кеңири жайылтуу жана айыл жериндеги спортко шыктуу, күчтүү жигиттерди топтоо болуп саналат. Аталган мелдеш «Башыс» ордо спорттук сарайында өтүүдө. Мелдеш ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлүп, жеңүүчүлөр тандалат. Бул мелдешти жергиликтүү демөөрчүлөр колдоодо», - деп билдирди Калдар Эркинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×