Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.01.2015 13:39

Өзгөндө шекердин баасы 9,5%га арзандады

Turmush -  Экономика министрлигинин түштүк облустар аралык соода, жеке ишкерчилик жана текшерүүнү талдоо секторунан билдирген маалыматына караганда, Өзгөн районунун аймагында январь айынын ортосунан баштап 23-январга чейин кумшекердин баасы 9,5%га арзандады.

Сектордун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде кум шекер 57,6 сомдон 52,1 сомго арзандап, 9,5%ды түзгөн.

Белгилей кетсек, бул баа Ош облусу боюнча эң төмөнкү баа деп табылган.

Жалпысынан облус боюнча 23-январда кум шекердин жогорку баасы Ош шаарында белгиленип, 54,6 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×