Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.01.2015 09:06

Өзгөндүн Мырза-Аке айылында өрт чыккан турак үйдүн 87 жаштагы ээси менен жубайы каза болду

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндө өрт чыккан турак үйдөн эки адамдын күйгөн денелери табылды.

Бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кадыршаев көчөсүнүн №18 дарегинде жайгашкан турак үй толугу менен күйүп, кетти.

Өрт чыккан жерде 87 жаштагы үй ээси Топчубай Ормоналиев жана жубайы 87 жаштагы Ырысбү Өмүрканованын күйгөн денелери табылды.

Учурда өрт кырсыгынын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×