Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.01.2015 13:00

Өзгөн шаарында бадыраң менен помидордун баасы акыркы жума ичинде 5-22%га жогорулады

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында 8-январдан 16-январга чейинки аралыкта бадыраң менен помидордун баасы 5-22%га жогорулады. Бул тууралуу КРнын экономика министрлигинин түштүк облустар аралык соода, жеке ишкерчилик жана текшерүү талдоо секторунан билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөндө бадыраңдын килограммы 16-январда 105 сомду түзүп, баасы 5%га жогорулады.

Помидор 122,5 сомго кымбаттап, пайыздык катнашта 25%ды түзөт. Белгилей кетсек, бул баалар 16-январга карата Ош облусу боюнча эң жогорку баа.

Жалпысынан облус боююнча бадыраңдын эң жогорку баасы Ноокат жана Кар-Суу шаарларында белгиленди. Бул жерлерде бадыраңдын килограммын 120 сомго сатып алып жатышат.

Облус боюнча помидор менен бадыраңдын эң төмөнкү баасы, Ош шаарында белиленген, килограмы 71,3 жана 86,6 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×