Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.01.2015 09:44

Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүндө турак үйдөн чыккан өрттөн үй ээси бетинен күйүк алып, ооруканага жеткирилди

Turmush -  Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүндө Өстүрүү жер тилкесинде Коконбай көчөсү-10 дарегинде жайгашкан ээси А. Ташмаматовго тийиштүү жыгач устундуу калай жабылган аянты 99 чарчы метр турак үйдүн чатыры, үй мүлкү, үй документтери жана паспорттор күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 20-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үй ээси 1965-жылы туулган Авазбек Ташмаматов бетинен жана 2 колунан 2-даражадагы күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×