Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 19.01.2015 18:25

Акыркы жума ичинде Өзгөн шаарында күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа төмөндөдү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында 8-январдан 16-январга чейинки убакытта А-80, А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү-майлоочу майлардын жана дизель отунунун баасы 0,6-3,1%га төмөндөдү.

Каржы министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода жана ишкердикти талдоо секторунун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакытта Өзгөн шаарында А-80 үлгүсүндөгү май 39,2 сомдон 38 сомго төмөндөдү.

Өзгөндө А-92 үлгүсүндөгү май 47 сомго арзандап, 2,7%га төмөндөдү. Ошондой эле, дизель отунунун 1 литри 39 сомдон сатылып жатат, бул көрсөткүч 0,6%га төмөндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×