Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 14.01.2015 17:58

Айыл турмушу: Өзгөн районунун Лезхоз айылынын жашоочулары балыктын 6 түрүн сатып, үй-бүлөсүн багышат (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Лесхоз айылынын тургундары балык сатып, үй-бүлөсүн багышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы кабарлады.

Лесхоз айылынын тургундары Ош-Бишкек жолунда балык сатышат. Алардын бири Санавар Алимбекова атайын балык кармоочулардан алып, сатышаарын айтышат.

«Биз көптөн бери балык сатып иштейбиз. Балыктардын 6 түрүн сатабыз. Алардын 2 түрүн бизге айдоочулар Бишкектен алып келип беришет. «жерип, толстолоб» түрлөрүн. Жаныбызда Кемпир-Абад көлү бар болгондуктан балыктын калган түрлөрүн айылда 5-6 адам бар балыкчы ошолор бизге тутуп сатышат. Жерип, толстолоб, карп, сазан балыктарынын 1 килограммы 200 сомдон ал эми караз, чехон балыктарынын 1 килограммы 170 сомдон. Биздеги балыктар жаңы 2 күндөн ашык сактабайбыз. Эртеден кечке жолдун боюнда турабыз. Жумуш жок деп үйдө жата бербей өзүбүз колдон келишинче аракет кылып иштеп үй-бүлөбүздү багып жатабыз», -деп билдирди Санавар Алимбекова.

75

74

73

72

71

72

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×