Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.01.2015 09:47

Сирияга жихад максатында баргандарга автомат, тапанча атуу боюнча машыгуу болот, - согуштун катышуучусу

Turmush -  Сириядагы согушка даярдоочу жайда автомат, тапанча атуу үйрөтүлөт. Бул тууралуу Сирияда согушуп келген Ош облусунун Өзгөн районунун 25 жаштагы тургуну билдирди.

Анын айтымында, Сирияга жихад максатында баргандар 1-2 ай машыгуудан өткөрөлөт. Ал Сириядан кыргызстандык 10-15 адамды көргөн.

Өзгөн районунун тургуну өткөн жылдын 23-декабрында Сирияга 2 адам жөнөтүп жатканда кармалган. Бүгүнкү күндө УКМКда сурак берүүдө. Ал Сирияда 6 ай жүрүп, 4 ай согушууга катышкан.

УКМКнын маалыматы боюнча, кыргызстандык 200дөн ашык жарандын Сирияда согушта жүргөнү такталган. 2014-жылы эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдарга тиешеси бар жарандардын үстүнөн 137 кылмыш иши козголуп, 76 кылмыш боюнча соттук кароого жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×