Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.01.2015 12:01

Сирияга барган аялдар жихадчыларга никеленет , - согуштун катышуучусу

Turmush -  Сирияга барган аялдар согушкан эркектерге никеленет. Бул тууралуу Сирияда согушуп келген Ош облусунун Өзгөн районунун 25 жаштагы тургуну билдирди. Ал жаран Сирияда 6 ай жүрүп, 4 ай согушууга катышкан.

2014-жылдын 23-декабрда эки адамды Сирияга жөнөтүп жаткан жеринен кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстандык 200дөн ашык жарандын Сирияда согушта жүргөнү такталган. 2014-жылы эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдарга тиешеси бар жарандардын үстүнөн 137 кылмыш иши козголуп, 76 кылмыш боюнча соттук кароого жиберилген.

Кыргызстандык келин-кыздардын Сирияга кеткени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×