Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 07.01.2015 10:44

Өзгөн районундагы борбордук базарда мушташкандар кармалды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 31-декабрдан 1-январга караган түнү 1 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Өзгөн РИИБнин жетекчиси Сталбек Бакиров Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Өзгөн районундагы борбордук базарда эки жигит мушташа кетип, “денеге залал келтирүү” айыбы менен кармалышкан.

Эске салсак, 2014-жылы аталган районда 659 кылмыш иши катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×