Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 30.12.2014 09:44

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы «Көк бөрү» ат майданы пайдаланууга берилди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө «Көк бөрү» ат майданы 27-декабрь күнү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн кабарлашты.

Ат майданга 200 миң сом каражат сарпталган. Ага Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Бекмурдаев демөөрчүлүк кылган. Ачылуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, райондук жетекчилик жана жергиликтүү айыл тургундары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×