Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 23.12.2014 15:22

Бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү фактысы Өзгөн райондук салык инспекторунан эмес, Жылалды айыл округунун кызматкеринен аныкталган, - Мамлекеттик салык кызматы

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн райондук салык инспекторлору тарабынан 415 миң сом суммасындагы бюджеттик каражаттарды орунсуз жок кылуу жана өздөштүрүү фактысы аныкталды, деп билдирди бүгүн, 23-декабрда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы.

Буга байланыштуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы тактагандай, бюджеттик каражаттарды орунсуз жок кылуу жана өздөштүрүү фактысы салык кызматынын Өзгөн району боюнча инспекторунан эмес, аталган райондун Жылалды айыл округунун кызматкеринен аныкталгандыгын белгилейт.

Ошондой эле, белгилеп кетчү жагдай, өздөштүрүп алуу фактысы Өзгөн райондук салык кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган айыл округдун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Андан кийин ушул жылдын 3-декабрында Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгы материалдарды Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматына тиешелүү чакараларды көрүү үчүн жиберген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×