Turmush — Жалал-Абадда айдоочуларды жол бергилер боюнча билими текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Саидов билдирди.
Анын айтымында, инспекторлор айдоочуларды токтотуп, базалык жол белгилерин сурап, адашкан же билбей калган айдоочуларга жол кыймылынын эрежерин камтыган китепчелерди таратышты.
«Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда өткөрүлгөн акцияда жол эрежеси боюнча айдоочулардан сурамжылоо жүргүзүп, ошол эле учурда сентябрдан тарта күчүнө кирчү жаңы эрежелер боюнча түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз. Көп учурда айдоочулар тараптан бул эреже жылуу кабыл алынып жатат. Биз тараптан да жол кырсыктарына анализ жасаганыбызда биз көрүп жүргөн, маани бербеген эрежелерден улам эле жол кырсыктары орун алып, тилекке каршы адам өмүрү кыйылган учурлар да болуп жатат», - деди ал.
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин одоно бузган айдоочулар токтотулуп, эрежелерди суроо процедурасы башталат. Биринчи кезекте эреже бузган айдоочу суроого так жооп бере албай калган учурда сынак тапшыруу дайындалат. Мындай кадам өлкөдө жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган. Ушул тапта «Унаа» мекемеси тарабынан сынактын механизмдери иштеплип жатат.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын 30-мартына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алган.