Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Варшава шаарында эмгектенген Кубанычбек Адылов. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Кубанычбек Адылов Нарын облусундагы Кочкор районунда 1998-жылы төрөлгөн. Варшава шаарында жеткирүү кызматында эмгектенет. Келинчеги Салтанат лаваш чыгаруу иши менен алек.
«Атам ыр жана гитарага жакын болгондуктан мени бала кезимде эле музыкалык мектепке берген. Андан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы орто билим берүү окуу жайын бүтүп, Калый Молдобасанов атындагы консерваторияда окудум. Тилекке каршы 4-курста окуудан академиялык тыныгуу алдым. Акыл агайга рахмат. М.Күреңкеевде окуп жүргөндө эле мамлекеттик музыкалык мектептерде мугалим болуп иштеп баштагам, толук 8 жыл иштедим. Аткаруучу дагы болуп көп жерге чыгып жүрдүм. Кыргызстанда иштеп, акча чогултуп, үй алуу оор болгондуктан айлыгы көп төлөнө турчу өлкөгө чыгууну чечтим. Чет жакка чыгуу себеп болуп, ата-энелерибиздин жардамы менен үйлөнүп дагы калдык. Тойдон кийин 3 ай өтпөй бул жерге келип калдык. Бул жерге өзүмдүн үйүм болсо, жок дегенде жер болсо деген ойлор менен келдим.
Поляктар белорусь, украиндер сыяктуу болгондуктан славяндардан тараган деп ойлойм. Жеген ичкени деле окшош. Бирок тили негедир окшош эмес, орус тилине 5-10 пайыз эле окшош. Европаны туурап деген сөз бекер айтылбаптыр. Бирок жакшы тарбия алган адамдары дагы бар. Поляк анча-мынча досторум бар. Бизге кылган мамилеси беш кол тең эмес демекчи, ар кимдики ар кандай, арасында расист адамдары да бар. Кээ бирөөсү тескерисинче жардам берип турат. Мага жаккан бир жери бизчилеп "эл эмне дейт?", "бул эмне деп ойлойт?" деп жашабайт. Ошол себептен эрте карыбаса керек. Аба ырайы Польшада бат өзгөрүп турат, кар жаап жатып эле 10 мүнөткө жетпей күн тийип калат, жалпысынан алып келсе биздикине окшоп кетет. Күзүндө, кышында жана жазында күн көбүнчө бүркөлүп турат. Экономикасы дагы бизге салыштырмалуу бир топ өйдө, бирок биздей эле булар дагы башка мамлекеттерге чыгып иштеп турушат. Анткени Польшадан тапкан акчаларына бул жерден үй алыш оор, кымбат экен. Голландия, Германия, Англия өлкөлөрүнө көп чыгышат. Кыргызстандан айырмалана турган жери эң башкысы адамдын аң сезими деп ойлойм. Кереги жок нерсеге маани бербейт, убакыт болбойт, так жашашат. Бирок табияты жаккан жок, талаа, токой көп. Тоолор анча-мынча жерде эле бар. Көчөлөрү таза анткени адамдары булгабайт, бийлик көндүрүп коюптур. Бирок атам айткандай бир сызыктан чыкпай жашашат экен. Мисалы бизчилеп "Ысык-Көлгө кеттикпи?" деп кетип кала алышпайт. Айтаарым ойдо жок жерден эч нерсе кылышпайт, 1 ай мурун айтылып, сүйлөшүлүп анан кылышат», - дейт ал.
Каарманыбыз кызыктуу окуяларынан айта кетти.
«Кызыктуу окуялардан көп акча алдаттык. "Голландияга барып иштейбиз" деп 1000 евро алдаттык. "Иш таап беребиз, документке акча керек" деп эле жоголуп кетет. Анан дагы көп жумуш котордук. Анткени мен эркекчилик кылып, кээде урушуп кетем. Кээде керегиң жок болсо чыгарып салат, чемодан, кийимдериңди чогултуп алып, кайра башка иш издеген күндөр болду.
Атам сантехник, апам швеяда иштеген. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, 3 эркектин ортончусумун. Байкем актер, музыкант, мен деле музыкант, гитарачы, мугалим, иним финансы жаатында окуп, банкта иштейт. Келинчегим деле Нарындын Ак-Кыя айылынан, азырынча балдарыбыз жок.
Бул жакта кыргыздар көп деп айта албайм, бирок аз деп дагы айта албайм. Бул жактын кыргыздары башкача болот экен. Көчөдөн көрүп учурашсаң, араң колун сунат. Ошондуктан көп сүйлөшкүң дагы келбейт. Чогулуп отуруп, таанышалы дейин десең дагы маани бербейт, иштеш керек дегенсип жүрө берет. Бул жактан көп иштеп, жумуш-үй болуп жүрө берсең бат эле тажап кетчүдөйсүң. Ошол себептен тааныш издеп дагы каласың. Келечектеги максатым үй, унаа алуу жана элибизге пайда алып келе турган иш менен алектенүү», - деди Кубанычбек мырза.